Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Башкы прокуратура: Байланыш агенттигинин мурдагы башчысы кылмышка шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 14-майда «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүү быйыл 7-апрелде башталган. Черногубованы 12-майда Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган. Ал «уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп кайра каттаган» деп шек саналууда.

Башкы прокуратура Черногубова УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирди.

Кылмышка шектүү тарап азырынча комментарий же башка маалымат бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG