Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, акыркы 10 күн ичинде Орусиядан үч кыргызстандыктын сөөгү алынып келген.
«Бүгүн, 14-майда келген киши коронавирустан каза болгон. Буга чейин келген экөөнүн бирөө операциядан чыкпай калган, дагы бирөөнүн жүрөгү кармап калган. Алардын сөөгү үч кабат табытка салынып келген. Аны ачтырбай эле туугандарына түшүндүрүп көмдүрүп жатабыз», - деди Аширбаев.
Кыргызстандыктардын сөөгүн алып келген жакындары дароо обсервацияга жаткырылган.
14-майга карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандар 1082 адамга жетти. Анын ичинен 181и Ош облусунда, 114ү Ош шаарында. (DU)