Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

2020-жылы 59 миңдей окуучу мектепти аяктайт


Бүтүрүүчүлөр.
Бүтүрүүчүлөр.

Кыргызстанда 2019-жылы 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

9-классты бүтүргөндөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт. Коронавирус илдетине байланыштуу 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет. Окуу жылы 30-майда аяктайт.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөө 20-25-июнга чейин өтөт. Мында санитардык талаптар бекем сакталууга тийиш. Кыргызстанда жалпы жонунан 2283 мектеп бар, анда 1 млн. 311 миңден ашуун бала билим алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG