Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Армения өзгөчө абалды 13-июнга чейин узартууда


Армения өкмөтүнүн жыйыны. Ереван, 14-май, 2020-жыл.
Армения өкмөтүнүн жыйыны. Ереван, 14-май, 2020-жыл.

Армения өкмөтү коронавирус пандемиясына байланышкан өзгөчө абалды 13-июнга чейин узартты. Өкмөт өз чечимин «өзгөчө абал жарыялоого алып келген жагдайлар жоюла элек, коронавирустун 3 860 учуру муну далилдеп жатат» деп түшүндүрдү.

Парламент чечимди жактырууга тийиш, бирок фракциялардын бардыгы макул болсо, маселе добушка коюлбайт.

Премьер-министр Николь Пашинян кабинет жыйынында вирус жуккандар көбөйүп, саламаттык сактоо системасына күч келе турган болсо, анда бүткүл элдик карантин кайра киргизилерин айтты.

Премьер жергиликтүү бийлик органдары коомдук жайларда беткап тагынууну милдеттүү кылуу маселесин караштырып жатышканын кошумчалады.

Пашиняндын партиясы Улуттук ассамблеяда 132 орундун 88ин ээлейт.

Арменияда COVID-19 илдетинен 49 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG