Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Евробиримдикте ЛГБТ өкүлдөрүн дискриминациялоо уланууда


«ЛГБТдан эркин зона» деп жарыяланган аймак. Польша.
«ЛГБТдан эркин зона» деп жарыяланган аймак. Польша.

Евробиримдик өлкөлөрүндө жыныстык азчылыктардын дээрлик 40% кийинки убакта агрессияга туш болгон, он кишинин алтоо элдин көзүнчө түгөйүн колунан кармоодон чочулайт. Шаркеттин Фундаменталдуу укуктар боюнча агенттиги жүргүзгөн изилдөөгө Интернет аркылуу 140 миңдей ЛГБТ өкүлдөрү катышкан. Эксперттер буга чейинки изилдөө өткөрүлгөн 2012-жылга караганда бул багытта бир аз гана жылыш болгонун белгилешет.

«ЛГБТ коомунун көп өкүлдөрү мазактоо менен кол салуудан коркуп көлөкөдө жашап келатышат», - дейт Венада жайгашкан агенттиктин директору Майкл О`Флаерти.

Сурамжылоого тартылгандардын 20% жумушта дискриминацияны сезишерин, үчтөн бир бөлүгү барлар менен ресторандарда адилетсиз мамилеге туш болушарын айтышкан.

Башкаруудагы «Укук жана адилеттик» консервативдүү партиясы гейлер менен лесбиянкаларды «Батыш таасиринин натыйжасы» деп атаган Польшада жыныстык азчылык өкүлдөрүнө сабырсыздык мамиле кылуу учурлары эң көп катталган. Андан кийин гомофобиянын негизиндеги кол салуулар көбөйгөн Франция турат.

XS
SM
MD
LG