Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

АКШ элчилиги тажикстандык журналисттин сабалышын айыптады


Абдулло Гурбати.
Абдулло Гурбати.

Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчилиги «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбатиге кол салууну айыптады.

Дипломатиялык миссия журналисттин сабалышын «Тажикстандагы көз каранды эмес медиага чабуулдардын уландысы» катары баалады. Элчилик тажик бийлигин күнөөлүүлөрдү таап, жазалоого чакырды.

12-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча атайын өкүлү Арлем Дезир да билдирүү жасап, «көз карандысыз медиа өзгөчө пандемия учурунда коомго маалымат берип турууда негизги ролду ойнорун» белгилеген.

23 жаштагы журналист 11-майдын кечинде Дүйшөмбүдө белгисиз адамдар аны дүкөндөн кайтып келаткан жерден сабап кеткенин айткан. Ички иштер министрлиги арыз түшсө, дароо чара көрүлөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG