14-майдын кечинде Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаап, катуу шамал жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда айрым көчөлөрдү, үйлөрдүн короосун суу каптады.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 33-35-чакырымында 30 куб. метр таш кулап, бир аздан кийин жол толук тазаланган. Адамдардан эч ким жабыркаган жок.
Баткен облусунун Лейлек районунун айрым айылдарында арыктардан суу ашып, ички чарбалык жолдорду каптаган. Үйлөргө зыян келген жок.
Чүй облусунун Жайыл районунда ылдамдыгы секундасына 19 метрге жеткен шамал жүрүп, бир үйдүн чатырын учуруп кеткен.
Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында арыктан суу ашып, бир үйдүн короосун каптаган. (RK)