Баткен облусунун Баткен районунда жана Сүлүктү шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары элге суудан сактануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Аймактык милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери Баткен районунда эки өспүрүм, Сүлүктү шаарында бир бала сууга чөгүп көз жумган. Алардын ичинде мектеп жашына жете элек наристе да бар.
Буга байланыштуу аталган инспекциянын кызматкерлери жер-жерлердеги бассейндер менен көлмөлөрдү иштеткен жарандарга да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары каналдарга, көлмөлөргө жана жалпы суу аккан объектилерге коопсуздук тосмолорун, эскертүү жарнактарын коюу зарылдыгы жөнүндө суу чарба башкармалыктарына эскертилди.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ата-энелерди да балдарынын коопсуздугуна жана өмүрүнө жоопкерчиликтүү болууга чакырууда.
Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын башынан бери Баткен облусунда беш бала сууга чөгүп, каза болду. (JsA)