Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Иманалиев: Уюк жыштыктарынын кирешеси чөнтөктөргө түшүп жатат (видео)


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Ата Мекен» фракциясынын 15-майдагы отурумунда депутат Каныбек Иманалиев өкмөт мүчөлөрүнө уюк байланыш жыштыктарын сатуудан түшүүчү киреше коррупциянын айынан башкалардын чөнтөгүнө түшүп жатканын эскертти:

«200 мегагерцти 700 сомго саттыңар. Мындан бир нече жыл мурда Темир Сариев министр болуп турганда «О» компаниясына 15 мегагерцти 4,5 млрд. сомго саткан. Силер 200 мегагерцти 700 сомго карматып жибердиңер. Абаны сатып акча кылууга жол турса, силер коррупциядан чыга албай жатасыңар».

Каныбек Иманалиев киреше таап, бюджетти толтуруунун жана элди жакырчылыктан чыгаруунун көптөгөн жолдору бар экенин айтып, айрымдарын сунуш кылды. Депутат Арстанбапты эркин экономикалык аймак деп атоону сунуш кылып, дүйнөдөгү жападан-жалгыз жапайы жаңгак өскөн аймакка чет жактан туристтерди тартуу иштерин жүргүзсө болорун эскертти. Мындан тышкары жалпы эле туризм тармагына салыктардан жеңилдик берүү менен аны өнүктүрүү, «Манас», Ош аэропортторун жеке колго берүү жөнүндө жана башка сунуштарын айтты.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев депутаттын сунуштары каралып, иш жүргүзүлөрүн билдирди. Анын сөзүнө караганда, «Манас», Ош аэропортторун жеке инвесторго берүү боюнча эл аралык IFC компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Ата Мекен» фракциясы бүгүн COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин төмөндөтүү чаралары тууралуу маселени карап жатат. Депутаттарга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана башка өкмөт мүчөлөрү маалымат берүүдө.

Фракция бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун да карайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG