Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Манастын ысымы менен соода жайларын, ичимдиктерди атоого тыюу салуу сунушталды


Саматбек Ибраев.
Саматбек Ибраев.

Жогорку Кеңеш Манас деген атты колдонууну чектеген мыйзам долбоорун сунуш кылып, коомдук талкууга чыгарды. Долбоордун автору - депутат Саматбек Ибраев.

Анда «Манастын ысымын географиялык, административдик жана муниципалдык объектилерге колдонууга уруксат берилет. Соода, коомдук тамактануу, бизнес, коммерциялык жана коомдук уюмдарды жана кыймылдарды, саясий партияларды, кумар оюн-зоок клубдарын, ошондой эле алкоголь жана тамеки өндүрүмдөрүн Манастын ысымы, «Манас» эпосунун жана анын бардык бөлүктөрүнүн башка каармандарынын ысымы менен атоого тыюу салынат» деп жазылды.

Манастын атын колдонуудан коргоо боюнча эрежелерди аныктоо өкмөткө тапшырылды.

Мыйзам долбоору азыркы «Манас» эпосу жөнүндө» мыйзамдын негизинде иштелип чыкканы айтылды.

Ошондой эле долбоордо «кыргыз эли Манастын бейнесине жана рухуна дайыма урмат-сый менен мамиле кылган, анын реалдуу тарыхый инсан катары жашап өткөнүнө ишенген жана эл үчүн ыйык рух катары кабыл алынып калган, ошондон улам эл ичинде Манастын жалпы улуттук культу калыптанган» деп айтылат.

2003-жылы 7-ноябрда ЮНЕСКО кыргыз айтуучулук, анын ичинде манасчылык өнөрүн адамзаттын бүткүл дүйнөлүк деңгээлдеги оозеки, руханий мурасынын шедеври деп тааныган.

Мыйзамдын автору Ибраев «Тилекке каршы «Манас» эпосунун, манасчылардын өз мекенинде мамлекеттик, улуттук деңгээлде эч кандай чара көрүлгөн жок» деп эсептейт.

Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болуп быйыл 9-апрелде катталган. Ал «Саякбай манасчы» маданий фондунун башчысы. (RK)

XS
SM
MD
LG