«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов кыргыз өкмөтүн «бюджетти колдоого ички ресурстарды пайдаланбайт» деп айыптады. Депутаттын пикиринде, өкмөт пайдаланылбай турган акчаны таап, бюджет чыгашасына жана башка зарылчылыктарга сарптоодон көрө, тыштан карыз алууну оңой көрөт.
«Биз карыз алганды эле жакшы көрөбүз, - деди ал. - Биз 31 жылдан бери Кыргызстандын экономикасын тышкы карыздын эсебинен куруп келе жатабыз. 31 жылдан бери өлкө кризистен чыкпай келе жатат. Демек, карыздан башка жолдорун издешибиз керек. Бизде ансыз деле карызыбыз кокодон. Бизге али кризис келе элек, чыныгы кризис дагы 3-4 айдан кийин башталат. Бирок кандай гана кризис болбосун, биз мекенибиздин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек».
Депутат өкмөт мүчөлөрүнөн антикризистик план талап кылып, коронавирус пандемиясынан улам чет мамлекеттерден кайтып келип жаткан мигранттарды кандай жумуш орундары менен камсыз кылууга даярданып жатканын сурады. Бахадыр Сулейманов чек арадагы аймактарды өнүктүрүп, ал жактан адамдар көчө качпай, тескерисинче тирүү чеп болуп турушуна шарт түзүү зарыл экенин айтты. Депутат Кыргызстанда маселелер чечилбей, тескерисинче жаап-жашырылып келе жатканын белгиледи.
«Ата Мекен» фракциясынын 15-майдагы жыйынында COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин төмөндөтүү чаралары тууралуу маселе каралды. Депутаттарга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана башка өкмөт мүчөлөрү маалымат беришти. (ZKo)