Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Баткенде аткезчиликке каршы чаралар күчөтүлүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Облустун Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш аймактарында аткезчиликке каршы аракеттер күчөтүлүшүнүн натыйжасында бажы бекеттеринен мыйзамдуу жүк алып өтүү көбөйүп, бажы төлөмдөрү кескин түрдө арбыган. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан «Кайрагач» өткөрмө жайы аркылуу жыл башынан бери 5,2 млн. сомго жакын бажы төлөмдөрү түшкөн.

Облустагы бажы башкармалыгы тарабынан 42 аткезчилик фактысы катталып, анын ичинен 14 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жалпысынан жыл башынан бери 1,856 млн. сом мамлекетке кайтарылган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарларынан аткезчиликтин 14 фактысын аныктаган. Алардан мамлекет 6,9 млн. сом зыян тартканы дайын болгон. Анын ичинен 1,9 млн. сому өндүрүлүп, мамлекетке кайтарылган. Ал эми Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарында төрт аткезчилик фактысы аныкталып, мындан мамлекетке 44,1 млн. сом өндүрүлүп алынган.

Баткен облусунун Өзбекстан менен чек арасында эки: «Кадамжай», «Кызыл-Кыя» , Тажикстан менен чек арасында үч: «Кызыл-Бел», «Кулунду» жана «Кайрагач» бажы өткөрмө бекеттери бар.

Лейлек районундагы чек ара аркылуу Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май, курулуш материалдары жана башка товарлар кирип жатканын депутаттар, жарандык активисттер байма-бай айтып келишет. (JsA)

XS
SM
MD
LG