Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

АКШ: Кабулдагы төрөтканага «Ислам мамлекети» террордук уюму чабуул койгон


Төрөтканага кол салуу маалында каза тапкан кош бойлуу аялдын тажыясы. 13-май, 2020-жыл.
Төрөтканага кол салуу маалында каза тапкан кош бойлуу аялдын тажыясы. 13-май, 2020-жыл.

АКШ «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмун Ооганстанда ушул аптада болгон эки кандуу чабуул үчүн айыптады. Кошмо Штаттар Кабулдагы төрөтканага жана Нангархардагы тажыяга үрөй учурган кол салуу фактыларын «Ислам мамлекети» террордук уюму менен байланыштагы топ ишке ашырган деген тыянакка келди.

Бул тууралуу Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад 14-майда «Твиттерге» жазды.

Ооган президенти Ашраф Гани 12-майдагы ошол кан төгүүдөн кийин аскерлерге талибдерге жана «Ислам мамлекетине» каршы чабуулга өтүүгө буйрук берген. Кош чабуулдан бери дегенде 56 киши өлгөн, арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай бар.

Халилзад «Ислам мамлекети» террордук тобу ооган өкмөтү менен «Талибандын» ортосундагы тынчтыкка каршы экенин, Иракта жана Сирияда мазхаб аралык согушка шыкактап келатканын белгиледи. Ал Кабул өкмөтүн «Талибан» менен жетишилген тынчтык келишимин үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG