Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Сенат Шинжаңдагы уйгурларга байланыштуу санкцияга үндөгөн долбоорду жактырды


Шинжаңдагы саясий тарбия лагери деп эсептелген жай. 31-май, 2020-жыл.

АКШ Сенаты президент Дональд Трампты Шинжаңдагы уйгурлардын абалына байланыштуу Кытайга санкция салууга үндөгөн мыйзам долбоорун 14-майда бир добуштан жактырды. Демократтар менен республикачыл конгрессмендер даярдаган бул документке ылайык, уйгур мусулмандары куугунтукталганы үчүн Бээжин өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнө санкция киргизилиши мүмкүн. Ошондой эле адам укуктарын чектөө үчүн колдонулушу мүмкүн болгон жабдыктарды Кытайга экспорттоого чектөө коюлат. Бул мыйзам долбоору демократтар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр Палатасында колдоо тапкандан кийин президент Трампка кол коюуга жөнөтүлөт.

Бириккен Улуттар Уюму жана бир катар укук коргоо уюмдары Бээжин Шинжаң районундагы жүз миңдеген уйгурларды, казактарды жана кыргыздарды саясий тарбия берүүчү лагерлерде негизсиз кармап турганын билдирип келишет. Кытай дооматтарды четке кагып, бул жайларды кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп жүрөт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG