Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

Дүйнөдө COVID-19дан көз жумгандардын саны 300 миң кишиден ашты


Москвадагы көрүстөн. 15-май, 2020-жыл.
Москвадагы көрүстөн. 15-май, 2020-жыл.

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, 15-майга карата дүйнө жүзүндө COVID-19дан көз жумгандардын саны 300 миң кишиден ашты. Алардын баасымдуу бөлүгү Европа менен АКШнын жарандары. Өпкөнү сезгенткен короанвирусту жугузуп алгандар 4,5 миллион адамга чамалады.

АКШнын Вакцина боюнча федералдык агенттигинин мурдагы жетекчиси Рик Брайт 14-майда Конгрессте сүйлөп жатып, эгер бийлик оорунун кайра жайылышына каршы чечкиндүү чара көрбөсө өлкө «заманбап тарыхындагы эң катаал кышты» башынан кечириши ыктымал экенин эскертти. Ал коронавирустун экинчи толкуну кышында сасык тумоо күчөп турган маалга туш келсе анын кесепети оор болорун айтты.

АКШда коронавируска 1,4 миллиондой адам кабылды, 86 миңден ашык киши көз жумду.

Президент Дональд Трамп 14-майда «вакцина ушул жылдын аягына чейин пайда болот» деп дагы бир жолу билдирди, бирок анын чоо-жайын тактаган жок.

Буга чейин Кытайда, АКШда, Британияда жана Германияда сегиз түрлүү вакцина сынала баштаганы белгилүү болгон. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, калктын калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG