Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Грузияда оппозициялык партиялар шайлоо реформасы боюнча макулдашуудан чыгарын эскертишти


Грузияда оппозициялык партиялар «саясий туткундар» боштондук албаса, шайлоо реформасы жөнүндө макулдашуудан чыгарын эскертишти. 8-мартта башкаруудагы жана оппозициядагы партиялар парламент пропорционалдык системага ылайык шайланган 120 жана мажоритардык система боюнча шайланган 30 депутаттан куралышы керек деген меморандумга кол коюшкан.

Бирок ошондон бери тараптар бул маселеде алга жыла албай келатышат. Парламенттик шайлоо Грузияда ушул октябрга белгиленген.

13-майдагы биргелешкен билдирүүдө оппозициялык партиялар бийликтеги «Грузин кыялы» партиясын келишимдин бир бөлүгү болгон «саясий туткундарды» бошотуу милдеттенмесин аткарууга чакырышты. Алар талаптары аткарылмайынча оппозициялык фракциялар парламент сессияларын бойкоттой беришерин эскертишти.

Башкаруудагы партия оппозиция «саясий» деп атаган туткундарды эркиндикке чыгаруу шарты келишимде айтылбаганын билдирди.

8-марттагы меморандум АКШ жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнүн арачылыгы менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG