Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:59

Өзгөн милициясы бекер беткап таратты


Өзгөн.
Өзгөн.

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү Өзгөн шаарынын жана Куршаб айылынын жашоочуларына акысыз беткап таратты. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош ОИИБдин маалыматында, короновирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында Өзгөн РИИБ, Өзгөн шаарынын мэриясы, жергиликтүү бийлик органдары менен бирге райондун аймагындагы Куршаб айылына жана Өзгөн шаарына тургундарына 600дөн ашуун беткап бекер таратылып берилген. Мындан сырткары киши көп топтолгон коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

12-майда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев «Ынтымак» телеканалындагы түз эфирде облус аймагында беткапсыз жүргөндөргө айып салынбай турганын билдирген. Облус жетекчинин сөзүн Ош ОИИБи облус аймагында карантиндик режим жок болгондуктан беткапсыз жүргөн жарандарга укук коргоо органдары эскертүү берүү менен чектелерин билдирип тастыктаган.

11-майдагы онлайн брифингде Бишкектин мэри Азиз Суракматов 11-майдан баштап күчүнө кирген «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдардагы өзгөртүүлөр күчүнө киргенин белгилеп, анда карантиндик эрежелерди бузгандарга ири өлчөмдө айып каралганын билдирген. Анда беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралган.

Беткапсыз кишилерге айып салуу масалеси Жогорку Кеңеште да айтылып, депутат Дастан Бекешев: «Элде акча жок болсо, кантип айыппул салабыз? Болбосо башка өлкөлөрдөй бир-эки беткапты бекер таратышыбыз керек», - деген. (DU)

XS
SM
MD
LG