Мамлекеттик ишмер, белгилүү инженер-конструктор Султанбек Табалдыев 78 жашында катуу оорудан кийин каза болду.
Убагында «Аалам КББ», «Дастан» ишканаларын жетектеген Табалдыев 1943-жылы азыркы Каракол шаарында туулган.
1967-жылы Ленинград электротехникалык институтун бүткөндөн кийин эмгек жолун СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Өзгөчө конструктордук бюросунда инженердик кызматтан баштап, анын директору - башкы конструкторуна чейинки жолду басып өткөн. Анын түздөн-түз жетекчилиги менен космос мейкиндигин изилдөө үчүн бир катар уникалдуу приборлор жасалган.
«Дастан» ишканасында 1996-жылдан тартып татыктуу эс алууга кеткенге чейин иштеген. Ошол жылдары ишкана өндүргөн буюмдар Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан.
Табалдыев СССРдин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ болгон. Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты да болгон.
Ал ошондой эле Кыргызстандын «легендардуу парламентинин» белгилүү депутаттарынын бири болгон. Конституцияны иштеп чыгууга жана көз каранды эмес Кыргызстанды куруунун тарыхый чечимдерин кабыл алууга жигердүү катышкан.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жана бир катар өлкө жетекчилеринин атынан жарыяланган эскерүүдө Табалдыев кесипкөй, талапты кое билген жетекчи, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү болгону, анын жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталары айтылат.