Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Штаб: Мурдагы ЖК төрагасы Мукар Чолпонбаевге коронавирус жугуп, оор абалда ооруканада жатат


Мукар Чолпонбаев "Азаттыктын" студиясында. Архивдик сүрөт.
Мукар Чолпонбаев "Азаттыктын" студиясында. Архивдик сүрөт.

Коронавирус инфекциясы менен ооруканага түшкөн коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин абалы оор. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, ал Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-майда жаткырылган. Абалы жакшы болбогондуктан 12-майда реанимацияга которулган. Азыр ага жасалма дем алдыруу аппараты коюлган, абалын догдурлар оор деп баалап жатышат.

70 жаштагы Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болгон.

Жалпысынан 15-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1111 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 745 бейтап айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG