Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Гонконгдун соту өкмөткө каршы акциянын катышуучусун төрт жылга кести


Гонконгдогу нааразылык акциясы.
Гонконгдогу нааразылык акциясы.

Гонконгдун соту өкмөткө каршы акциялардын катышуучусун төрт жылга эркинен ажыратты. Шаардын 21 жаштагы туругуну Син Ка Хо массалык башаламандык үчүн айыптуу деп табылды. Прокуратура аны алты жылга кесүүнү суранган. Син Ка Хо былтыр 12-июнда полиция менен кагылышууга катышкан. Ал күнөөсүн мойнуна алды.

Маалымат каражаттары адатта активисттер «жумшак» беренелер боюнча жоопко тартыларын, бул өкүм катаал болгонун белгилешет.

Сот жүрүп жатканда бир нече киши имараттын жанына чогулуп, нааразылыгын билдирди.

«Reuters» агенттиги башаламандык тууралуу берене боюнча нааразылык акцияларына катышкан 600дөй киши кесилиши мүмкүн экенин жазууда. Былтыркы июндан тартып Гонконгдо сегиз миңден көп киши кармалган.

Өкмөткө каршы акцияларга автономиянын бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоо жөнүндө мыйзамды кабыл алууга ниеттенип жатканытүрткү берген. Кийин бийлик ал ниетинен баш тартканы менен демонстрациялар уланып, Кытайдан көбүрөк эркиндик алуу, кармалган демонстрантарды бошотуу туурасында талаптар коюлган. Пандемия башталгандан бери ал акциялар токтоп калды.

XS
SM
MD
LG