Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Ош шаарында дүкөндөрдүн ишине чектөө киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы соода түйүндөрүнүн ишине 15-майдан тарта чектөө кирди. Мэриянын чыгарган буйругунун негизинде ири жана чакан азык-түлүк дүкөндөрү саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштеши кажет.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, дүкөндөрдүн ишин жергиликтүү бийликтен сырткары шаардык ички иштер башкармалыгы жана ӨКМ көзөмөлдөп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.

«Коменданттык саат алынгандан кийин дүкөндөрдө түнкү саат 12ге чейин кишинин саны көбөйө баштады. Түн жамынып жүргөндөр да көбөйүп кеткенине байланыштуу ушундай чектөө кабыл алынды. Бир жумадан бери шаарда коронавирус катталбай калган эле. Кечээ күнү бир учур, аны менен байланышта болгон дагы төрт кишиден чыгып жатат. Адамдардын байланышын азайтуу үчүн ушундай чара кабыл алынды», - деди Абсаттаров.

Ош шаарында 25-марттан 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, кийин 10-майга чейин узартылган. 11-майдан тартып Ош шаарында өзгөчө абал алынып, карантиндик режим калтырылды.

Шаардын аймагында сегиз карантиндик-санитардык пост, шаар ичинде 20дан ашык көчмө пост иштеп жатат. (DU)

XS
SM
MD
LG