Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан алты адам жаңы катталды.
Алардын ичинен Бишкекте үч, Ош шаарында бир, Ош облусунда бир, Баткен облусунда бир адам илдет жуктуруп алган. Ушуну менен 16-майга карата Кыргызстанда жалпы коронавирус илдетин жуктурган 1117 учур катталды.
Бул тууралуу 16-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтуусунда, акыркы суткада 38 адам оорудан айыгып чыкты. Жалпысынан коронавирустан 783 адам сакайды.
14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.
Акыркы суткада медицина кызматкерлеринен вирус аныкталган жок. Жалпысынан ооруга чалдыккан 247 медицина кызматкердин 200ү айыгып, ишине кайтты.
Ушул тапта 320 адам стационарда жатат. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)