Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Италияда өлкөгө кирип-чыгууга чектөө 3-июнда жоюлат


Италиядагы ооруканада. Иллюстрациялык сүрөт.

Италияда коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөгө кирүүгө жана өлкөдөн чыгууга коюлган чектөө 3-июнда алынат. Италия өкмөтүнүн бул чечими тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мындан тышкары 3-июндан тартып, өлкөнүн ичинде эркин жүрүүгө да уруксат берилет.

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте вирустун экинчи толкуну каптап кетпеши үчүн кадимки жашоого акырындык менен кайтуу зарылдыгын бекемдөөдө.

Италияда коронавирус илдети 223,9 миң адамга жуккан. Оорудан 31,6 миң киши өлгөн. Өлкөдө илдет жайылып кетишине карантин шарттары кечиктирилип киргизилгени себеп катары айтылган.

Италия илдет эң көп жайылган он мамлекеттин ичинде.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 4 миллиондон ашты.

Алардын 280 миңдейи жашоо менен кош айтышса, дээрлик 1 миллион 375 миңден көбү сакайды.

XS
SM
MD
LG