Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:53

Санкт-Петербург шаарынан 156 кыргызстандык келди


Санкт-Петербург шаарынан келген учак. 16-май, 2020-жыл.
Санкт-Петербург шаарынан келген учак. 16-май, 2020-жыл.

16-майга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан чартердик учак менен 156 кыргызстандык келди. Келгендердин баары коопсуздук максатында "Манас" аэропортунун учуу тилкесинен эле текшерүүдөн өткөрүлүп, COVID-19 вирусуна ПЦР диагностикага анализ тапшырышты. Андан кийин обсервацияга жиберилди.

Бул тууралуу Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу боюнча республикалык штаб маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, сырттан кайтып келип жаткан кыргызстандык жарандар ПЦР диагностикага анализ тапшыргандан кийин, үч күн бою карантинде болушат.

Эгерде анализ жыйынтыгы таза чыкса, ооруган адамдар менен байланышта болбосо, бардык эреже-талаптарды сактоого милдеттендирилип, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлигинин обсервациясына жайгаштырылат.

Кокус анализдин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга жиберилет. Ал эми вирус жуктурган адамдар менен байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынат.

Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясы башталган февраль айынан бери чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан 8 миңден ашуун кыргызстандык жаранды алып келди.

Кыргызстандык жарандар Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Жапония жана башка мамлекеттерден чартердик учак менен, ал эми Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен алып келинди. Соль-Илецкиден келген 519 адамдын 56сы коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, ооруканага жаткырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG