Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Төрөтканалар кабыл албай койгон келиндин баласы ичинен чарчап калган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте төрөтканалар кабыл алуудан баш тарткан келиндин баласы курсагында чарчап калган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, келин курсагындагы түйүлдүк кыймылдабай калганын байкаса деле төрөтканага кайрылбай жүрө берген:

"Бала 27-28 жумалык мөөнөттө, өлүү төрөлдү. Келиндин айтуусунда, ымыркай курсагында андан мурда эле кыймылдабай калган. Бул жерде дарыгерлердин да, келиндин да күнөөсү бар. Келин курсагындагы түйүлдүк кыймылдабай калганда да дарыгерге кайрылган эмес. 11-майда үйүнөн "Тез жардам" чакырган. "Тез жардам" келинди №4 төрөтканага алып барган. Алар "мөөнөтүң жетпейт" деп кабыл албай, гинекология борборуна жиберген. Гинекология келиндин кош бойлуулугун мөөнөтүн кайра санап, №1 төрөтканага жиберген. Алар кайра 4-төрөтканага жөнөтүшкөн. Ошентип, перинаталдык борбордо бала өлүү төрөлдү. Ал эми эненин абалы жакшы, анын дагы үч баласы бар экен", - деди Раиса Асылбашева.

Бир нече күн мурун Бишкекте төрөтканалар кош бойлуу келинди кабыл алуудан баш тартканы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, маалыматтардын айрымдарын тастыкаган. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга байланыштуу борбор калаадагы перинаталдык борбордун, №1 төрөт үйүнүн, шаардык гинекология ооруканасынын жана №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине тийиштүү чаралар көрүлмөкчү. (BCh/ZKo)

XS
SM
MD
LG