Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Москвада коронавирус жуктургандар азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борборунда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны акыркы суткада 3,5 миң адам болду.

Бул 30-апрелден берки эң аз көрсөткүч. Коронавирустун жайылышына жол бербөө штабынын маалыматына караганда, майдын башынан бери Москвада күн сайын 5-6 миңден адам коронавируска чалдыкканы аныкталып жаткан.

Акыркы суткада Орусиянын 83 аймагында, аннексияланган Крымды да кошо эсептегенде 9200 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө жалпысынан 272 миң адам оору жуктуруп алган. 63 166 адам сакайып чыкты. 2537 адам илдеттен көз жумду.

Дарыгерлер вирус жуктургандардын дээрлик 45% эч кандай белгисиз өткөнүн, адамдардын вирусту алып жүргөнү ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасында гана аныкталганын айтып, тынчсызданышууда.

XS
SM
MD
LG