Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Түркияда ооруканалар чет өлкөлүк бейтаптарды кабыл ала баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты. Анда 20-майдан тарта Түркиянын ооруканалары 31 өлкөдөн бейтаптарды кабыл ала баштары жазылган.

Бул өлкөлөрдүн тизмесинде Кыргызстан, Казакстан жана Орусия бар. Чет өлкөлүк бейтаптар учакка салынып жатканда жана учак сапарында тыкыр текшерүүдөн өтүп, бейтап менен кошо эки гана жакынын алууга уруксат берилет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-майда карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданып жатканын билдирген. Бул чечимге ылайык июнь айынан баштап Түркия 19 өлкөнүн 23 шаарына аба каттамдарын ачары белгилүү болду. Ага ылайык, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы Европанын айрым шаарлары жана Алматы, Тбилиси, Минск менен каттамдарын жандандырат. Стамбул-Бишкек учак каттамы бул тизмеде жок.

2014-жылы Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип, акысыз дарыланып жүргөн. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган.

Ал эми жыл сайын Түркиянын жеке менчик ооруканаларында дарыланган кыргызстандыктардын саны миңдеп саналат. (ElB)

XS
SM
MD
LG