Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Чукул билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн


Нөшөрлүү жаандан кийинки сел зыянга учураткан үйлөрдүн бири. Лейлек району. Баткен. 3-май, 2020-жыл.
Нөшөрлүү жаандан кийинки сел зыянга учураткан үйлөрдүн бири. Лейлек району. Баткен. 3-май, 2020-жыл.

17-20-май күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 18-майда күндүз Баткен, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде мөндүр коштойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бул күндөрдөгү нөшөрлүү жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт.

Май айында нөшөрдөн улам Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүрүп, талаадагы эгиндерди, автожолдорду, турак үйлөрдү каптаган. Селдин кесепети бир нече миллион сомго чейин жеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG