Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Ак-Сууда жаңы бала бакчанын курулушу башталды


Жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Ак-Суу району. 16-май, 2020-жыл.
Жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Ак-Суу району. 16-май, 2020-жыл.

Жаңы бала бакчага "Кумтөр" алтын кенинде иштеп жатып, каза тапкан кызматкер - Өмүрбек Күрүчбек уулунун аты ыйгарылмакчы.

Бала бакча курулушунун чыгашасын жарымын "Кумтөр" ишканасы өзүнө алган, калганы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат. Бул тууралуу "Тунук Курулуш" куруучу компаниясынын жетекчиси Сарбагыш Эсенбаев билдирди. Анын айтуусунда, маркум иштеген "Кумтөр" ишканасы каза болгон кызматкеринин айылына бала бакча куруп берүүнү убада кылган.

"Бала бакчанын куруу иштери бүгүн, 16-майда башталды. Бала бакча 60 орундуу, 2 кабаттуу имарат болот. Жалпы сметалык баасы 26 млн сом. Жыл соңуна чейин ишке берели деген максатыбыз бар", - деди Сарбагыш Эсенбаев.

Теплоключенка айылында эки бала бакча бар, бирок кезекте турган жаш жеткинчектер абдан көп. Союз учурунда айылда жети бала бакча иштеп турган. Ал эми жаңы бакча айылдагы Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы конушта курула баштады.

Былтыр декабрь айында "Кумтөр оперейтинг голд компани" ишканасы иштеткен аймакта жердин борпоң теги көчүп, анын кесепетинен Лысый участогунда иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Алардын бири - Өмүрбек Күрүчбек уулу Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында туулуп-өскөн. (KS)

XS
SM
MD
LG