Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:58

Тажикстанда коронавирус дагы 204 адамдан табылып, бардыгы 1322 болду


Хужанд шаарындагы мекеменин эшигиндеги жазуу. 15-май, 2020-жыл

Тажикстанда 16-майда саат 17:30га карата дагы 204 кишиден коронавирус табылганын бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ошону менен вирус жуктургандардын жалпы саны 1322 кишиге жетти.

Акыркы бир сутка ичинде илдеттен үч киши каза тапты, өлгөндөрдүн жалпы саны 36 болду.

Жергиликтүү тургундар жана көз карандысыз эксперттер бул расмий маалымат ишенич жаратпай турганын, социалдык тармактарда жакындарын жоготкондор, туугандары оор абалда жаткандардын кабарлары, видеолору жайнап кеткенин айтышат.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Махмадтоир Зокирзода жаңы вирустан айыгып чыкканын кабарлады.

30-апрелге чейин өлкөдө коронавирус жок деп кайталап келген тажик бийликтери коомчулуктун басымы алдында ДССУнун эксперттер тобун чакырып, мамлекеттеги эпидемиологиялык абалды иликтеп берүүнү өтүнгөн. Эл аралык адистер тобу өз байкоолорун жакынкы күндөрү жарыялаары күтүлүүдө.

Тажикстанда жалпы улуттук карантин жарыяланган эмес. Апрелдин акыркы күнү алгачкы оорулуулар расмий катталгандан кийин орто мектептер августтун ортосуна чейин эс алууга жабылып, массалык иш чараларга чектөө киргизилген. Көпчүлүк мекеме, ишканалар кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өткөрүп, катардагы тургундар өз алдынча вирустан коргонуу чараларын көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG