Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-майда брифингде билдиргенине караганда, алардын ичинен бирөө Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкери, калганы түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери:
"Алар учурда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар лабораториялык иликтөөдөн өткөрүлүп жатат".
Үсөнбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан күч түзүмдөрүнүн 65 кызматкери коронавирус илдетин жуктурган, алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери.
17-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 21 адам жаңы катталды. Алардын ичинен он адам Санкт-Петербург шаарындагы аскер лицейинин курсанттары. Алар 16-май күнү Кыргызстанга келишкен. Жаңыдан катталгандардын бешөө - медициналык кызматкерлер.
Өлкөдө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 1138 адамга жетти. 804 адам ооруну жеңип чыкты. 14 киши илдеттен көз жумду. (ZKo)