Италия менен Францияда деңиз жээктерин ачууга уруксат берилди. 16-майда эң алгачкылардан болуп Германияда Бундеслига оюндары жанданды. Италия 3-июндан тартып чек арасын ачарын маалымдаган.
Жалпы дүйнөдө 309 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, 4,5 миллион кишиге жуккан COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген карантин шарттары экономикалык абалды калыбына келтирүү максатында жеңилдетиле баштады. Адистер глобалдык карантин он миллиондогон адамдардын жумушсуз калуусуна, каржылык кризиске кептегенин айтышууда. Учурда окумуштуулар пандемияга чейинки жашоого кайтуу үчүн коронавирустун вакцинасын жана дарысын табуунун үстүндө иштеп жатышат.
АКШ президенти Дональд Трамп жыл аягына чейин коронавирустун вакцинасы табыларын билдирүүдө. Бирок көпчүлүк адистер буга сын көз менен карап турушат.