Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Кытай пандемия учурунда 19 млрд. долларлык медициналык товар сатты


Дарыгерлер жана полициячы робот. Ухань аэропорту. 8-апрель, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт.
Дарыгерлер жана полициячы робот. Ухань аэропорту. 8-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясы жарыяланган март, апрель, май айларында Кытай чет өлкөлөргө 19 млрд. долларлык медициналык товар экспорттоду. Бул маалыматты Кытайдын бажы кызматына таянып, "Интерфакс" агенттиги жазды.

Мунун ичинде 509 млн. беткап, 216 млн. коргонуучу кийимдер, 810 миллиондон ашуун коргоочу көз айнектер, 162 млн. тест жабдыктары, 727 миң жасалма дем алдыруучу аппарат, 10,4 млн. медициналык колкап жана 264,3 млн. инфракызыл термометр бар.

Коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында бул товарларды негизинен АКШ, Германия, Жапония, Франция жана Италия сатып алган.

XS
SM
MD
LG