Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Францияда Руандадагы кыргынга айыпталган Фелисьен Кабуга кармалды


Фелисьена Кабуганын издөөгө алынганы жарыяланган гезит. Кения, Найроби. 12-июнь, 2002-жыл.
Фелисьена Кабуганын издөөгө алынганы жарыяланган гезит. Кения, Найроби. 12-июнь, 2002-жыл.

Фелисьен Кабуга 16-май күнү Париждин чет жагынан кармалды. Кабуга 1994-жылы Руанда өлкөсүндөгү кыргынга тиешеси бар деп айыпталып, 20 жыл мурун эл аралык издөөгө алынган. Ал жасалма документ менен жашап жүргөн. Француз полициясы 84 жаштагы Кабуганы жашыруун жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кармаганы кабарланды.

Фелисьен Кабуга тутси элин кырууга чакырыктарды тараткан телерадиоканалдын башчысы болгон. Ал ошондой эле куралдуу отряддарга курал-жарак сатып алууга акча чогулткан улуттук коргонуу фондун жетектеп турган.

1994-жылы июлда Кабуга Швейцариядан башпаанек сураган. Бирок Конго өлкөсүнө депортацияланган. 1997-жылы аны Кениянын борбору Найробиде көрүшкөн, бирок кармай алышкан эмес.

Кабуга Гаагага жиберилет. Руандадагы кыргынды соттогон трибунал 2015-жылы аяктаган, ага байланыштуу Кабуганын ишин кылмыш трибуналдардын эл аралык механизми карайт.

1994-жылы Руандада болгон 100 күндүк кызыл кыргында 800 миңге жакын адам жок кылынган. Алардын көпчүлгү тутси азчылыгынан болгон.

XS
SM
MD
LG