Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Орусиядан 379 кыргызстандык мекенине келатат


Дубайдан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 10-май, 2020-жыл.
Дубайдан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 10-май, 2020-жыл.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, 17-майда Москва-Бишкек каттамы менен чартердик учак жолго чыкты. Анда негизинен оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган курактагы жана балалуу адамдар келатат. Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар.

Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып, чартердик каттамдар көбөйтүлө турганын билдирди. 16-майга караган түнү Санкт-Петербург шаарынан чартердик каттам менен 156 кыргызстандык алып келинген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн 58 өлкөсүндө сегиз миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн өкмөттөн жардам күтүүдө. Февралдан бери 30га чукул өлкөдөн учак жана автоунаа менен он миңден ашуун кыргызстандык кайтып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG