Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ошто жүргүнчүнү сөккөн милиция иштен алынды


Ош шаарында жүргүнчү менен айдоочуну сөккөн милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Сыдыков кызматкер кылмыш иликтөө тобунда иштегенин, анын жанында болгон кызматкерлердин аракеттерине да укуктук баа берилерин кошумчалады.

Шаардык милиция иштен алынган кызматкер ИИМди «уят кылды» деп, жарандарга карата орой мамилеси үчүн иштен алынганын жазган:

«Жарандарга карата орой мамиле жасап, ички иштер органдарынын кызматкеринин атын булгаганы үчүн аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги 16-майда кызматынан бошотту».

Иштен алынган милициянын жанында болгон жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин да кызматтан бошотуу боюнча жетекчилигине сунуш берилген.

Айдоочу жана жүргүнчү менен бир топ милиция кызматкерлеринин ортосунда талаш-тартыш тартылган видео Интернетке 16-майда чыккан. Видеодо милиция кызматкери орой мамиле жасап, сөгүнүп, урууга аракет кылганы да тартылган. (DU)

XS
SM
MD
LG