Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Өзбекстанда министрлик вирусту жуктурду деп айыпталган дарыгерди коргоп чыкты


Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги.

Саламаттык сактоо министрлиги кылмыш иши козголуп, айыпталып жаткан самаркандык дарыгерди колдоп чыкты. Мурдараак Самаркан облустук прокуратурасы оорукананын бөлүм башчысын 34 адамга коронавирус жуктурганы үчүн айыптап, кылмыш ишин козгогон. Оору жуккандардын ичинде дарыгердин жубайы, жакындары, кесиптештери жана ооруканада жаткан бейтаптар бар. Прокуратура "дарыгер COVID-19 вирусунун белгилерин билип туруп ооруканага кайрылбай, үйдө дарыланган" деп айыптаган.

Саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов башкы прокурорго кайрылып, дарыгерге кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечимин артка алууну өтүндү. Министр Шадманов дарыгерге кылмыш иши негизсиз козголгон деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Руслан Мухаммадиев "Телеграмдагы" баракчасында Өзбекстан мыйзамдарында жаран коронавируска анализ тапшырбай туруп, дене табы көтөрүлгөнү үчүн жоопкерчиликке алынары жөнүндө жазылбаганын эскертти.

XS
SM
MD
LG