Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын «өпкөсү сезгенген» төрагасы айыгып чыкканын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Саламаттык сактоо министрлиги парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Махмадтоир Зокирзода 15-майда шаардык жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып чыкканы тууралуу кыска маалымат тараткан. Ушул эле министрлик Зокирзода 5-майда ооруканага жатканын кабарлаган, бирок диагнозун айткан эмес. Көп өтпөй бул кабар сайттан өчүрүлгөн. Мындай маалымат "спикер коронавируска чалдыгыптыр" деген имиштерге себеп болгон. Бирок муну бир нече депутат четке каккан.
Парламенттин 63 депутаттан турган төмөнкү палатасында президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясы басымдуулук кылат.
Тажик бийлиги тараткан маалыматка караганда өлкөдө коронавирус жуктурган 1100 учур катталды. Каза болгондордун саны 33 адамга жетти.
Тажикстан 30-апрелге чейин өлкөдө коронавирус бар экенин жашырып келген. Алгачкы оорулуу тууралуу маалыматты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобу келердин алдында гана таратышты.