Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Орусиядан 378 кыргызстандык мекенине кайтып келди


17-майда «Манас» эл аралык аэропорту «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын кабыл алды. Ал учак менен 378 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Бүгүнкү каттам менен негизинен оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган курактагы жана балалуу адамдар келди. Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар.

Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып, чартердик каттамдар көбөйтүлө турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн 58 өлкөсүндө сегиз миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн өкмөттөн жардам күтүүдө. Алардын көпчүлүгү Орусияда. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG