Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 19:07

Түркмөн президенти абактагы 1402 адамга ырайым кылды


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөт мүчөлөр менен видео жыйын өткөрүүдө.

Түркмөнстанда абакта отурган 1402 адам Рамазан айында эркиндикке чыгат. 15-майда Түркмөнстандын мамлекеттик медиа каражаттары тараткан кабарда "жасаган кылмышына чындап өкүнгөн" 1192 түркмөн жараны жана 210 чет өлкөлүк абактан бошотулары айтылды.

Маалыматка караганда, ар кандай айыптар менен камалгандар 19-майда эркиндикке чыгат.

Түркмөнстан – дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири. Түркмөн абактарында жүздөгөн саясий туткундар кармалууда.

XS
SM
MD
LG