Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы COVID-19 илдети табылды делген төрт кызматкери жөнүндө маалымат берди. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун айтымында, бир кызматкер пневмония болуп ооруканада жатат, ал эми үч кызматкердин ден соолугу жакшы. Калыков "алардан коронавирус аныкталды деп ПЦР-тесттин анализинен кийин так айтуу керек" деди.
“Бирөө пневмония диагнозу менен ооруп жатат. Үчөө экспресс-тест тапшырганда коронавирус бар деп чыккан. Бирок үчөөнүн ден соолугу жакшы. Азыр изолицияда жатат. Алар коронавирус менен ооруп атат деп так айтууга болбойт. ПЦР-анализдин жыйынтыгынан кийин белгилүү болот”, - деди Калыков.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-майдагы брифингде ЖАМКнын Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен жана түзөтүү мекемелеринин үч кызматкеринен коронавирус аныкталганын маалымдаган.
Үсөнбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан күч түзүмдөрүнүн 65 кызматкери коронавирус илдетин жуктурган, алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери.
Өлкөдө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 1138 адамга жетти. 804 адам ооруну жеңип чыкты. 14 киши илдеттен көз жумду. (TSh)