Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

АКШ Орусияга 200 жасалма дем алдыруучу аппарат жөнөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Орусияга 200 жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппарат берет. Калифорниядагы алгачкы жасалган аппараттар Москвага жиберүүгө шейшембиде даяр болорун «Америка добушу» өкмөттүк документтерге таянып кабарлады. Андан сырткары дагы 150 аппарат 26-майда Орусияга жөнөтүлөт.

Жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу, жеткирүү акысы сыяктуу бардык чыгымын АКШ өкмөтү төлөйт. Администрация өкүлүнүн айтымында, бул чыгымдар 4,7 млн. долларды түздү.

Учурда АКШ менен Орусиянын ортосунда коммерциялык каттамдар жок болгондуктан, жүк аскердик авиация менен жеткирилет. Администрация бул аппараттар Орусия эли үчүн экенин, мындай чечим орусиялык армия менен кандайдыр бир өнөктөштүк белгиси эмес экенин билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG