Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:39

Чеченстанда көйгөйлөрдү айтып чыккан дарыгерлер кечирим сурады


Гудермес районунун борбордук ооруканасынын кызматкерлери буга чейин «коргонуу кийимдерибиз жок» деп арызданганы негизсиз экенин мамлекеттик телеканалдын эфиринде айтышты. Бул тууралуу «Кавказский узел» агенттиги маалымдады.

14-майда нааразылык акциясынан кийин оорукананын башкы дарыгери жумуштан кеткен. Медицина кызматкерлери «коронавирус илдети менен келген бейтаптарды кабыл алган ооруканада коргонуучу каражаттар жок» деп айтып чыгышкан. Акциянын видеосу Интернетке тарап кеткен.

«Кавказский узел» агенттиги кийинки күнү акциянын катышуучуларынын бири, дарыгер-рентгенолог Заур Борчашвили жумуштан айдалганын кабарлаган. Кызматташтары аны жумушка кайра коюуну өтүнүп Рамзан Кадыровго кайрылышкан. Ошол эле күнү кечинде «Грозный» мамлекеттик телеканалынан дарыгерлердин акциясын «негизсиз дүрбөлөң» деп атап, ага катышкандарды «чагымчылар» деген маалымат берилген. Телеканалдын сюжетинде коргонуучу кийимдер сакталган оорукананын кампасын көрсөтүп, Чеченстандын бийлиги бардык каражаттар жетиштүү камсыздалганын кабарлаган.

Кийинки күнү эки дарыгер, үч медайымдын кечирим сураган видеосу эфирге чыкты. Алар ооруканада коргонуучу каражаттар бар экенин айтып, «бир дарыгер короновирустан каза болду» деген маалымат жалган экенин айтышкан. Социалдык тармактын колдонуучулары медицина кызматкерлеринин билдирүүсүнө ишенбей, «булар бийликтин басымынан улам кечирим сурашкан» деп жатышат.

Чеченстанда элдин көзүнчө, айрыкча аймактын башчысы Рамзан Кадыровдун алдында кечирим суроо кадыресе көрүнүшкө айланган. Расмий маалыматка ылайык, 17-майда Чеченстанда коронавирус жуккан 943 киши катталган. Алардан тогуз адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG