Чүй облусунда 17-майдын кечинде нөшөрлөгөн жаандан кийин үйлөрдүн короосун жана жолдорду суу каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Бер-Булак айылында арыктардан ашкан суу 30 үйдүн короосун жана жолдорду каптаган.
Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында арыктан ашкан суу жолду каптаган.
Адамдар жабыркаган учур катталган жок. Куткаруучулар тазалоо иштерин түнү менен жүргүзүп, аякташты.
Гидрометеоборбор Кыргызстандын айрым аймактарында 14-17-майда нөшөр жаан жаайт деп шашылыш билдирүү тараткан болчу. (RK)