Жалал-Абад облусунда тоодон таш түшкөн жолдорду тазалоо иштери бүгүн да уланып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Чаткал районунда 17-майда кечке жуук Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 21-чакырымында 1800 м3, саат 22:30 чамасында 32-33-чакырым аралыктарында 80 м3 таш кулаган. Жабыркаган жана каза болгондор жок.
Атайын техниканын жардамы менен 21-чакырымдагы жол толук тазаланган, ал эми 32-33-чакырым аралыктарында түшкөн ташты тазалоо иштери бүгүн да жүрүүдө.
Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын Тураев көчөсүндө жайгашкан 11 турак үйгө аскадан таш кулоо коркунучу жаралган. Куткаруучулар кечке чейин 6 м3 ташты түшүрүшкөн. Бүгүн бул иш уланып жатат. (RK)