Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Коронавирус дагы 78 адамдан табылды, көбү Орусиядан кайткан эмгек мигранттары (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 78 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 18-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 43ү - Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген эмгек мигранттары.

Үчөө - Санкт-Петербургдан кайткан курсанттар.

Булардан тышкары Нарын облусунда 14, Ош облусунан алты, Ош шаарында беш, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда үч жана Жалал-Абал облусунда бир киши катталды.

Бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 827 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG