Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Сузакта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келин кризистик борбордо жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 29 жаштагы келин Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» кризистик борборунда жатат. Аталган борбордун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова «Азаттыкка» билдиргендей, келин күйөөсүнүн жана кайненесинин зомбулугуна кабылган.

«29-мартта келин денесинен түрдүү жаракат алып Сузак аймактык ооруканасына кошуналарынын жардамы менен жаткырылган. 8-майда кризистик борборго келип, ден соолугу жакшы болбогондуктан кайрадан дарылануусун улантууда. Ал жолдошу менен кайненесинен катуу кордук көрүп, токмок жегенин айтып жатат. Биз ага колдон келишинче моралдык жана юридикалык жактан жардам берип жатабыз», - деди Аттокурова.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Жазык кодексинин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Карантин учурунда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын укук коргоочулар да тынчсыздануу менен белгилеп келе жатышат. Маалыматтарга ылайык быйыл жыл башынан бери 2019 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бул былтыркыдан 65% арбын. (RsK)

XS
SM
MD
LG