Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 18-майдагы жыйынында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү тууралуу келишимди жактырды.
Депутаттар Евразия өнүгүү банкынын инвестициялык насыясы тууралуу келишимге киргизилген кошумчалар боюнча долбоорду талкуулады. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылайт.
Комитетте келишим тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын орун басары Айтмамат Кадырбаев баяндама жасады. Депутат Акылбек Жапаров долбоор тууралуу келишим 2017-жылдын январында бекитилгенин эске салып, андан бери канча каражат иштетилгенин сурады.
Айтмамат Кадырбаев ага жооп берип жатып буга 1,4 млн. доллар бөлүнүп, бирок ал иштетилбегенин, буга жүйөлүү себептер болгонун айтты. Ал эми Акылбек Жапаров эки жылда жоготуу 300 МВт болгонун билдирди. "Жоготууну акчага которгонубузда 700 млн. сомду түзөт" - деген депутат жүргүзүлүп жаткан иштин жыйынтыгын мамлекетке зыян келтирүү катары баалады.
Жыйында, кошумча келишим кабыл алынгандан кийин аталган банк Кыргызстанга дагы 1,3 миллион доллар бере турганы маалым болду. (NT)