Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Жогорку Нарын каскады боюнча экспертиза аяктай элек


Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн салынган курулуштар. 16-октябрь, 2014-жыл.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн салынган курулуштар. 16-октябрь, 2014-жыл.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына байланыштуу эл аралык сотто экспертиза аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетиндеги талкууда өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, орус тараптын доосу боюнча териштирүүдө экспертиза жүрүп жатат. Азырынча чечим чыга элек.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирген. Аны төлөп берүүнү талап кылып эл аралык сотко кайрылган.

Кыргыз тарап долбоорго мындай суммадагы каражат сарпталганынан күмөн санаган жана эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылган.

Орусиянын компаниясынан кийин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча чехиялык «Лигласс» компаниясы менен да макулдашуу болгону менен долбоор ишке ашпай калган. Долбоорго инвестор табылбай турат.(NT)

XS
SM
MD
LG