Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Бразилия COVID-19 эң көп катталган төртүнчү өлкөгө айланды


Сан-Паулу шаарындагы COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптарды кабыл алган, спорт залда ачылган убактылуу бейтапкана. 11-май, 2020-жыл.
Сан-Паулу шаарындагы COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптарды кабыл алган, спорт залда ачылган убактылуу бейтапкана. 11-май, 2020-жыл.

Бразилия коронавирус эң көп катталган мамлекеттердин төртүнчү сабына чыкты. Түштүк Америкадагы бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын саны 18-майда 241 миң адамдан ашты. Кеминде 16 миң адам COVID-19 илдетинен кайтыш болду.

Бул сан 209 миллиондой калкы бар Бразилия коронавирустун Түштүк Америкадагы очогуна айланганын көрсөтүп турат. Эпидемия адеп башталганда Бразилиянын президент Жаир Болсанару COVID-19 илдетин кадимки сасык тумоо катары мүнөздөгөн.

17-майда баш калаа Бразилиада жана Сан-Паулуда Болсанарунун тарапкерлери үйдө отуруу эрежесине баш ийбей, карантинге каршы жүрүшкө чыгышты. Жекшемби күнү президенттик сарайдын алдына чогулган жүздөгөн адамдар менен Жаир Болсонару өзү чыгып учурашты.

18-майга карата дүйнөдө коронавирусту жуккан адамдардын саны төрт миллион 718 миңден ашты. 315 миңдей киши COVID-19 илдетинен көз жумду. Коронавирус жуккандар эң көп катталган мамлекеттердин алгачкы үч сабында АКШ (1 млн. 486 миң), Орусия (281 миң) жана Улуу Британия (245 миң) турат.

XS
SM
MD
LG